Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзөт

Эки тараптуу инвестициялык фонддун уставдык капиталы 25 миллион доллар болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзөрүн президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Азербайжан президенти Илхам Алиевдин мамлекеттик сапарынын алкагында КРдин министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосунда фондду түзүү тууралуу макулдашууга кол коюлган.
Эки тараптуу инвестициялык фонддун уставдык капиталы 25 миллион долларды түзүп, штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашмакчы.
Фонд Кыргызстандагы уюштуруучулар үчүн артыкчылыктуу долбоорлорду инвестициялоо, кредит жана зайымдарды берүү, капиталга катышуу жана өлкөдө катталган, иш алып барган чарбакер субъектилер менен болгон мамилелерде башка финансылык инструменттерди колдонуу аркылуу иштемекчи. Андан сырткары агроөнөр жай комплекси, суу менен камсыздоо сектору, саламаттыкты сактоо сектору, автомобиль өнөр жайы, илим, изилдөө жана технология, газ өнөр жайы, тигүү жана текстиль өнөр жайы, тоо-кен жана металлургия өнөр жайы да камтыла турганы айтылды.
Кыргыз-Азербайжан алакасын чыңдоо үчүн кол коюлган документтер. Тизме