Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Окуя кантип өнүктү? Жаңы аймактардын Россияга кириши боюнча видеографика

Элдик добуш берүүдөн кийин Россиянын курамына төрт субъект кошулду. Буга чейинки ЛЭР, ДЭР жана Херсон, Запорожье облустарынын элинин башынан өткөргөн кыйынчылыктары акыры келип референдумга такады.
Sputnik
Sputnik жаңы аймактар — эки республика менен эки облус Россияга кантип кирди, кандай саясий, социалдык, экономикалык өбөлгөлөр болгондугун видеографика менен берди.
Эске салсак, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу тууралуу референдум 23-27-сентябрда өттү. Бюллетендер 100 пайыз саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка таянсак, эң жогорку көрсөткүч Донецк (99,23 пайыз) менен Луганскиде (98,42 пайыз) болгон. Ал эми Херсондогулардын 87,05 пайызы, Запорожье облусундагылардын 93,11 пайызы Россияга кошулууга макул болгон.
30-сентябрда РФ лидери Владимир Путин жана аймактардын жетекчилери Кремлде Россиянын курамына кирүү боюнча келишимге кол койгон. Андан соң РФтин Конституциялык соту бул документтердин Баш мыйзамга туура келерин тааныган.
Ал эми Мамлекеттик дума 3-сентябрда бир добуштан ДЭР, ЛЭР жана Запорожье, Херсон облустарынын Россиянын курамына кирген келишимдерин ратификация кылган.
Путин аталган төрт субъектинин Россияга кириши боюнча Федералдык конституциялык мыйзамга кол койду.