КРдин Россиядагы элчиси менен РФтин ТИМ башчысынын орун басары жолукту

Гүлнара-Клара Самат жолугушууга ТИМдин чакыруусу менен барган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат РФтин тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолукту. Бул тууралуу Россиянын ТИМинин маалымат кызматы кабарлады.
Гүлнара-Клара Самат жолугушууга ТИМдин чакыруусу менен барган. Анда эки тараптуу мамиледеги маанилүү маселелер, ЖККУдагы кызматташуу, 13-14-октябрда Астанада боло турчу саммит тууралуу кеп болгон.
"Тараптар азыркы геосаясий кырдаалда актуалдуу болгон Россия менен Кыргызстандын ортосундагы союздук мүнөздөгү мамилени жактай турганын белгилешти", — деп айтылат РФ ТИМинин маалыматында.
Кыргызстан ЖККУнун аскердик машыгуусун өткөрүүдөн баш тартты