БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Эмне үчүн айрым адамдар айланадагылар менен тил табыша албайт? Бул суроого "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде психолог Михаил Лабковский жооп берип, көйгөйдү чечүү жолдорун дагы сунуштады.
Адистин айтымында, адам башкалар менен гармонияда болуш үчүн алгач өзүн-өзү сыйлаганды үйрөнүшү керек. Экинчиден, эмнени каалап жатканын тегеректегилерге ачык айтканы жакшы.
"Мисалы, жумуш берүүчүдөн айлыкты көтөрүп берүүсүн же өмүрлүк жарынан азыркыдан дагы көбүрөөк жылуулукту күтүп жатканын түз эле айтуу керек. Унчукпай бушайман болуп жүрө бергенден пайда чыкпайт. Айрым учурда достордун сизге карата тамашасы дагы жакпашы мүмкүн. Жагымсыз экенин бетке айтуу зарыл. Антпесе бардык эле адамдар башкалардын жан дүйнөсүнө үңүлүп, ичинде эмне болуп жатканын биле бербейт", — деди адис.
Психолог кошумчалагандай, качан гана адам өзүн сүйө баштаганда айланадагылар менен мамилеси жакшырат.
"Бул эрежени өздөштүрө албагандарга жашоо ар дайым күрөш, татаал болуп сезиле берет. Жашоонун жазылбаган мыйзамы бар, адам канчалык каршылык көрсөткөн сайын жашоосу ошончолук татаалдайт. Алдыга койгон максат ошончолук алыстайт", — деди ал.
Андыктан Лабковский бардык нерселерди киши өзүнөн башташы керектигин кошумчалады.