Коргоо министрлиги: Кыргызстан май айында сооттолгон автоунаа чыгара баштайт

Жаңы ачылган базанын наркы 260 миллион сом деп бааланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кийинки жылдын май айынан тарта Балыкчы шаарындагы оңдоо базасында сооттолгон ГАЗ-66 автоунаасы чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.
Белгилей кетсек, аскердик техника оңдой турчу база бүгүн ачылды. Ал жактагы керектүү жабдууларды аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Россия кайтарымсыз негизде берген.
Коргоо министри базанын конструкциясы Ленинград облусунун Луга шаарынан алып келингенин айтып, анын баасы 260 миллион сом экенин белгилеген.
"Кудай буюрса, кийинки жылдын май айынан тарта ал жакта сооттолгон ГАЗ-66 автоунаасы чыгарыла баштайт", — деген Бекболотов.
"Армия–2022" форуму: РФтин Куралдуу күчтөрү жаңы техникага ээ болот