БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Шейшембиде күндүз күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +13...+18 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +19...+21, Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.