БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул жумада өлкөдө аба ырайы кандай болору туурасында маалымат берди.
Синоптиктердин божомолу боюнча, Чүй облусунун аймагында 15-октябрга чейин жаан-чачын болбойт.
Бишкек шаарында күндүн көзү бузулбайт. Шаршембиден тарта күн жылып, абанын температурасы +24... +25 градуска чейин көтөрүлөт.
Талас облусунда жума аягына чейин жамгыр жаабайт.
Ош жана Жалал-Абад облустарында күн ачык болот. Абанын күндүзгү температурасы дүйшөмбүдө +26 градус болсо, шаршембиде +27 градуска көтөрүлүп, апта аягына чейин турат.
Синоптиктер Баткен облусунда дагы ушундай эле аба ырайы болорун айтышты.
Ысык-Көл облусунда 10-октябрда күндүз айрым жерлерде жамгыр жааса, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Андан кийин күн ачылып, 15-октябрга чейин жаан-чачын болбойт. Жума ичинде абанын күндүзгү температурасы 19 градустун тегерегинде турат.
Нарын облусунда 10-октябрда күндүз айрым жерлерде жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ошол бойдон 15-октябрга чейин жаабайт. Дыйканчылык аймактарда шейшемби, шаршемби (11-12-октябрь) жана бейшемби күндөрү түнкүсүн -1 градуска чейин түшөт, ал эми күндүз +17 градус жылыйт.