Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө чемпиону болду. Видео

Спортчу дүйнөнүн экинчи жолку чемпиону болуп отурат. Биринчи жеңишин мындан жети жыл мурун камсыздаган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу өлкөнүн Бильярд федерациясы кабарлады.
Мелдеш Россиянын Ханты-Мансийск округунда өттү.
Лепшаков чемпионаттын эркин пирамида дисциплинасында жеңүүчү болгон. Ошондой эле дагы бир кыргызстандык Азизжон Мадаминов чемпионатта коло медаль алган.
Дастан Лепшаков — эл аралык класстагы спорт чебери. 2014-жылы жаштар арасында чемпион болгон, 2015-жылы чоңдор арасында бильярддын динамикалык пирамида дисциплинасында биринчи орунду алган. Муну менен ал эки жолку дүйнө чемпиону болуп отурат.
Кыргызстандын бажы кызматынын майору эл аралык таймашта 1-орунду ээледи