Маймыл, ак илбирс. Жер жүзүнөн жоголуп бараткан жаныбарлардын сүрөттөрү

2050-жылга барып тирүү заттардын миллиондон ашуун түрү жер жүзүнөн жоголуп кетиши мүмкүн. Sputnik сейрек кездешүүчү жаныбарлардын сүрөттөрүн чогултту.
Sputnik
Ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынын эмгектери жыйналган БУУнун докладында XXI кылымдын орто ченине жеткенде учурдагы жаныбарлардын 40 пайызы жоголуп кетиши мүмкүндүгү айтылат.
Жоголуп кетүү чегинде турган жаныбарлар соңку 10 жылдын ичинде 80-90 пайызга азайган. Мисалы, жапайы жаратылышта болгону 70тей эле Ыраакы Чыгыш кабыланы калган, Калифорния деңиз чочкосу ондоп гана саналат. Мындан сырткары, 2050-жылга барып шурулуу рифтердин 90 пайызы өлүп калышы мүмкүн.
1 / 11

Кирин аттуу Ыраакы Чыгыш (амур) кабыланы Прагадагы зоопаркта туулган. Ал жапайы мышыктардын сейрек кездешкен түрлөрүн сактоо эл аралык программасы менен алып келинген

2 / 11

Суматра аралындагы пилдин баласы

3 / 11

Ла Диг арал акваториясындагы (Сейшель аралы) кораллдар жана балыктар

4 / 11

Суматра орангутаны — жер жүзүндөгү чанда кездешчү маймыл. Мындай жаныбарды жаратылыштан бир гана Индонезиянын Суматра аралынан көрө аласыздар. Сүрөт Германиянын Мюнхен шаарындагы Хеллабрунн зоопаркынан тартылган

5 / 11

Ак илбирс Жаратылышты коргоо эл аралык союзунун кызыл тизмесине киргизилген жана сейрек кездешүүчү же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ. Сүрөттөгү ак илбирс Вудленд-Парк (Сиэтл, АКШ) зоопаркында багылат

6 / 11

Вакита (калифорниялык деңиз чочкосу) — жоголуп кетүү коркунучунда турган сүт эмүүчүлөр тобундагы деңиз жаныбарларынын бир түрү. Дүйнөдөгү кит сымалдуулардын эң кичинеси болуп саналат

7 / 11

Кара керик — африкалык кериктердин бир түрү. 2013-жылы жоголгон жаныбар катары расмий түрдө жарыяланган

8 / 11

Франклин аарысы — жоголуп бараткан курт-кумурскалар түрүнө кирет, алар Американын Калифорния жана Орегон штаттарын байырлайт. Соңку ирет 2006-жылы байкалган

9 / 11

Бул сүрөттөгү яван жолборсу 1938-жылы Индонезиянын Ужунг-Куло улуттук паркында тартылган. Ал азыр жоголуп кетти деп саналат.

10 / 11

Кросс-Ривер горилласы Нигерия менен Камерундун чек арасында жашайт. Ал сейрек кездешүүчү маймылдардын бири

11 / 11

Бисса деңиз ташбакасы дагы жоголуп кетүүнүн чегинде турат. Аны Кызыл деңизден тартып алышкан