Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажик элчисине КР ТИМинин маалымат катчысына койгон доомат орунсуз экенин айтышты

Кыргызстан тажик тараптан улуттар ортосундагы кастык отун жандырган кырдаалды түзүүдөн алыс болууну талап кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода чакыртылды. Муну аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
"Тажик тарапка Кыргызстандын ТИМинин маалымат катчысынын Facebook тармагында жеке комментарийине расмий нааразылыкты билдирүүсү орунсуз экендиги айтылды. Кыргызстан Баш мыйзамда айтылгандай, ар бир жаран өзүнүн жеке пикирин эркин билдирүүгө укугу бар деген демократиялык өлкө экендигин өзгөчө белгиленди", — деп айтылган маалыматта.
Элчиликтин жетекчисине тажик тарап тандап алган жалган маалыматтык кампанияны жүргүзүү ыкмасы тынчтык менен туруктуулукту сактоого өбөлгө түзбөй турганы эскертилди.
Кыргызстан тажик тараптан улуттар ортосундагы кастык отун жандырган кырдаалды түзүүдөн алыс болууну, кол коюлган протоколдорун алкагындагы талаптарды абийирдүүлүк менен аткарууну талап кылды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кыргызстан Армениядагы жыйында ЖККУнун уставын өзгөртүүнү сунуштады