БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада Ош облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолу боюнча, бул аптада облустун аймагында жаан жаабайт. Тагыраагы, 15-октябрга чейин күн ачык болот. Абанын күндүзгү температурасы дүйшөмбүдө +26 градус болсо, шаршембиде +27 градуска көтөрүлүп, апта аягына чейин ошол тейде турат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.