Кыргызстанда 8 айда 379 адам жол кырсыгынан каза болду

Министр жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен, эки автоунаа кагышкан жол кырсыктары көбүрөөк катталарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 8 ай ичинде 379 адам жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу ИИМ башчысы Улан Ниязбеков министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан 2022-жылдын 8 айында өлкөдө 4 284 жол кырсыгы катталган. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,9 пайызга төмөн.
"2021-жылдын 8 айында жол кырсыгынан 7 215 киши жаракат алса, быйылкы жылдын 8 айында 6 651 адам жабыркаган. Өлүм учурлары боюнча былтыр сегиз айда 552 адам жол кырсыктын курмандыгы болсо, быйыл 379 киши көз жумду", — деген министр.
Ал айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу иштерин текшерүү планы иштелип чыкканын кошумчалады.
"Өлкө боюнча жалпысынан 270 автомектеп текшерилген. Лицензиялык талаптарга туура келбегендиги үчүн 233үнө эскертме берилсе, мыйзамсыз иштеп жаткан 10 автомектеп жабылды", — деген Ниязбеков.
Министр Кыргызстанда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен, эки автоунаа кагышкан жол кырсыктары көбүрөөк катталарын белгилеген.
Радио
Жумагулов: кырсыктаган айдоочулардын көбү жол эрежесин, белгилерди билбейт