9-октябрга карата аба ырайы

9-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас менен Ысык-Көл жергесинде +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26 жана Нарын аймагында +13...+18 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +19...+21, Ош калаасында +23...+25 болору айтылды.
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы