Бишкектеги "Ынтымак-2" паркында китепкана ачылды. Сүрөт

Долбоор министрликтин алдындагы "Келечек" жаштар платформасынын алкагында ишке ашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Ынтымак-2" паркында ачык асман алдындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 3

Бишкектеги "Ынтымак-2" паркында ачык асман алдындагы китепкана ачылды

2 / 3

Мындай шарт шаардыктардын, анын ичинде жаштардын китепке болгон кызыгуусун ойготууга шарт түзөт

3 / 3

Аталган долбоор Маданият министрлигинин "Келечек" мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында ишке ашып жатканы кошумчаланды.

"Мындай шарт шаардыктардын, анын ичинде жаштардын китепке болгон кызыгуусун ойготууга шарт түзөт. Китеп дүйнө таанымды кеңейтип гана тим болбостон, сөз байлыгыңды, жашоого болгон көз карашыңды дагы өстүрүүгө өбөлгө болот", — деп айткан министрликтен. 
Аталган долбоор Маданият министрлигинин "Келечек" мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында ишке ашып жатканы кошумчаланды.
Радио
Мамбетова: китепканага келген жаш окурмандардын саны өстү