Кышка кайсы азыктарды тоңдурууга болбойт? Адистин кеңеши

Медиктин айтымында, айрым азыктар өтө муздакта пайдалуу касиеттерин жоготуп коёт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Диетолог Марият Мухина азыркы тапта көпчүлүк кышка карата жашылча-жемиштерди тоңдура баштаганын айтып, кайсыларын муздак температурада сактабаш керектигин түшүндүрдү. Адистин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
Диетологдун айтымында, айрым азыктар өтө муздакта пайдалуу касиеттерин жоготуп коёт. Анын ичинде чөп-чар бар. Булар тоңдурулгандан кийин витамин жана антиоксиданттын булагы болбой калат.
"Ошондой эле помидор, бадыраң, кабачок сыяктуу суусу көп жашылчаларды да тоңдурбаш керек. Мындай учурда алар пайдалуу касиеттерин жоготуп, тескерисинче, ууга айланат. Ошондой эле айран, кефирди тоңдурган туура эмес", — деген адис.
Өтө муздак температурага коюуга болбой турган азыктардын катарында жаңгактын түрлөрү, сыр, банан дагы бар.
Диетолог алсыз, эч нерсеге көңүлү жок адам кандай витамин ичиш керектигин айтты