Радио

Батир ижаралоодо кандай шартта келишим түзүү керек? Юристтин жообу

Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров батирди, турак жайды, үйдү ижаралоодо эмнелерди эске алуу керектигин айтып берди.
Sputnik
Батирди, турак жайды, үйдү ижарага алууда келишим Жарандык кодекске жана Турак жай кодексинин нормаларына ылайык ишке ашырылат. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, турак жайды ижарага алуу келишими эки тараптуу жана көп тараптуу түзүлөт.
"Турак жайларды ижара шартында пайдалануу укугуна Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, юридикалык жактар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээ болушат. Мүлк ээлери өлкө мыйзамдарына жана жоболоруна ылайык, жарандык-укуктук келишимдердин негизинде аларды мөөнөттүү жана мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө укуктуу. Турак жайды ижарага алуу келишими эки тараптуу жана көп тараптуу түзүлөт. Ээси экинчи тарапка төлөм алуу аркылуу убактылуу пайдаланууга бере алат. Турак жайды ижарага алуу келишимдерди жөнгө салуу жана Турак жай кодексинин нормаларына ылайык ишке ашырылат. Ижарага батирди алууда эң биринчи талап бул жазуу түрүндө эки тараптуу келишим болуш керек. Ал келишимде негизги шарттар көрсөтүлүшү абзел", — деди Бакиров.
Ал эгерде ижара келишими оозеки түрдө түзүлүп, бирок экинчи тарап шарттарды аткарбай жатса, анда мыйзамга ылайык, ошол келишимди ишке ашыруу үчүн сотко кайрылуу керектигин кошумчалады.