Меркель: Европада тынчтык Россиянын катышуусу менен гана орнойт

Германиянын мурдагы канцлери буга чейин Москванын билдирүүлөрүн олуттуу кабыл алуу зарылдыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Европада туруктуулукту, тынчтыкты орнотуу Россиянын катышуусу менен гана ишке ашат. Мындай пикирди бейшембиде Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Азырынча бизде тынчтыкты орнотуу мүмкүн эмес, согуш чынында аягына чыга элек", — деген Меркель Süddeutsche Zeitung гезитинин 77 жылдык мааракесинде сүйлөп жатып.
Экс-канцлер Россия тууралуу кезектеги бул сөзүндө да Москванын билдирүүлөрүн кандайдыр бир баш айландыруучу пикир катары эмес, олуттуу кабыл алууга чакырды. Ангела Меркель буга чейин да келечекте жалпы европалык коопсуздук архитектурасын курууну Россиянын катышуусу менен улантуу зарыл экендигин айткан.
Меркель Германия өкмөтүнүн жетекчиси кызматынан 2021-жылы кеткен, ал 2005-жылдан тартып 16 жыл канцлер болгон.
Германия украиналык качкындардын айынан "кооптуу чекке" жетти