"Сен" дебей сүйлөңүз! Улан Бакасов менен Бакыт Төрөбаев кайым айтыша кетти. Видео

Эл өкүлү аткаминерди Нарында беш чакырым жол салууга убада берип, бирок анысын аткарбай койгонун сындады.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште депутат Улан Бакасов менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кайым айтыша кетти.
Эл өкүлү аткаминерди Нарын облусуна беш чакырым жол салууга убада берип, бирок аткарбай койгонун сындады. Ал сөз бербегенин айтып, титулдук тизмеге кирсе анан жасай турганын билдирди.
Бакасов "Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн" деген макалды айтып, Төрөбаев бул маселе боюнча телефон чалса дагы албай жатканын белгиледи.
Ошол учурда Төрөбаев дагы ачууланып "сенге" өттү. Депутат "сиз" деп сүйлөшүн талап кылды эле уккан жок. "Сен менин иним болосуң, аша чаап кетпей сыйлап сүйлө" деди үнүн көтөрүп эскертүү берген Төрөбаев.
WhatsApp менен башкарганды токтоткула! Депутат Талиева вице-спикерлерди тилдеди