10 эсе көп. 2025-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 75 млрд. сом керектелет

Июлдун аягына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 5,2 миллиард доллар болчу, басымдуу бөлүгү сырттан алынган акча.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. 2025-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызды тейлөөгө кеткен чыгымы 75 миллиард сомго жетет. Бул тууралуу 2023-жылга карата бюджеттин долбоору менен 2024-2025-жылга карата божомолунда айтылат.
Июлдун аягына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 5,2 миллиард доллар болчу, анын бир миллиарды ички карыз болсо, калганы чет жактан алынган акча.
Мамлекеттик карызды тейлөө боюнча маалымат:
2021 — 29 миллиард 532,8 миллион сом;
2022 — 39 миллиард 528,2 миллион (бекитилген бюджеттеги сумма);
2023 — 48 миллиард 625,4 миллион (бюджеттин долбоору);
2024 — 64 миллиард 670,6 миллион (божомол);
2025 — 75 миллиард 63,3 миллион (божомол).
Салыштыра келсек, 2010-жылы мамкарызды төлөөгө 7,7 миллиард сом, башкача айтканда, 2025-жылдагыга караганда 10 эсе аз каражат жумшалган.
Кыргызстан алгачкы карызын кантип алган? Тарых барактары