Радио

Шабданбаев: Көчмөндөр оюндарына даярданууга 40 млн. сом сарпталды

Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын курама командасы жалпы медалдык эсепте экинчи орунду алгандыгын болжоп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Республикалык бюджеттен Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарына даярданууга 50 миллион сом бөлүнгөн. Азыркы экономикалык жагдайды эске алып, ири мелдешке камылга көрүүгө жалпысынан 40 миллиондун тегерегиндеги акча сарпталды. Бул тууралуу Канат Шабданбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Көчмөндөр оюндарына барган спортчулар окуу-машыгуу жыйындарынан толук кандуу өтүп, жогорку даярдык менен барышты.

"Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Көчмөндөр оюндары жыйынтыкталып, Кыргызстандын курама командасы 13 спорттун түрүнөн 58 медаль алды. Оюндарга кызуу даярданып, окуу-машыгуу жыйындарын толук өткөрдүк. Уюштуруу тобу алгач расмий сайтына спорттун жалпы 40 түрүн бекиткен. Биз анын 26сына катышууга камылга көрүп баштаганбыз. Кийин дагы өзгөрүүлөр болуп, 13 түрү калды. Оюндарда Кыргызстандын курама командасы жалпы медалдык эсепте Туркиядан кийинки эле экинчи орунду алгандыгын болжоп жатабыз. Алар расмий жыйынтыкты бере элек. Республикалык бюджеттен Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарына даярданууга 50 миллион сом бөлүнгөн. Азыркы экономикалык жагдайды эске алып, ири мелдешке камылга көрүүгө жалпысынан 40 миллиондун тегерегинде акча сарпталды", — деди Шабданбаев.

Ошондой эле адис IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында мелдештерди уюштурууда кемчиликтер көп болгондугун кошумчалады.