Дүйнө кубогунда Кыргызстандын таэквондочулары 18 алтын медаль утту. Сүрөт

Эл аралык мелдеш 28-сентябрдан 3-октябрга чейин Казань шаарында өтүп, ага 16 мамлекеттен 750 спортчу катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Таэквондо боюнча дүйнө кубогунда Кыргызстандын спортчулары 18 алтын медаль утту. Бул тууралуу Кыргызстандын Таэкфондо федерациясынан кабарлашты.
1 / 2

Таэквондо боюнча дүйнө кубогунда Кыргызстандын спортчулары 18 алтын медаль утту

2 / 2

Билдирмеге караганда, эл аралык мелдеш 28-сентябрдан 3-октябрга чейин Казань шаарында өтүп, ага 16 мамлекеттен 750 спортчу катышкан

Билдирмеге караганда, эл аралык мелдеш 28-сентябрдан 3-октябрга чейин Казань шаарында өтүп, ага 16 мамлекеттен 750 спортчу катышкан.
"Кыргызстандан барган таэквондочулар мыкты жыйынтык көрсөтүп, жалпы 30 медаль алды. Анын ичинен 18и алтын, тогузу күмүш, үчөө коло", — деп жазылат маалыматта.
Мыкты жыйынтык көрсөткөн спортчулар:
Сезим Жумабекова;
Султан Мусаев;
Искендер Сыдыкакпаров;
Лейсан Аджиходжаева;
Рахимжан Ибраев;
Данияр Максатов.
Ошто бокс боюнча башталган турнирге беш өлкөдөн 150дөй спортчу катышууда