"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына кошулган депутаттар кайра чыгып кетти

14 депутат бөлүнүп чыгып, өзүнчө "Мекенчил" деген топ түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бир мандаттуу округдан шайланып келип "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына кошулган депутаттар кайра чыгып кетти. Бул туурасында бүгүн парламентте эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, фракциядан 14 депутат бөлүнүп чыгып, өзүнчө "Мекенчил" деген топ түзгөн.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери төрага болгонуна жана ич ара структуралар өзгөргөнүнө байланыштуу бир мандаттуу округдун депутаттары бөлүнүп чыктык", — деди Сатыбалдиев.

Буга байланыштуу ал вице-спикерге кайрылып, топко өзүнчө катчылык түзүп беришин суранды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Ташиев келгендеги чууда Мамытовдун ордунда эмне кылмаксыз? Шакиевдин жообу