WhatsApp менен башкарганды токтоткула! Депутат Талиева вице-спикерлерди тилдеди

Учурда парламентте төрт министрликке талапкерге макулдук берүү маселеси каралып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камиля Талиева вице-спикерлерди сөз берүүнү чектеп жатасыңар деп урушту.
Төрт министрлик орунга талапкерлер каралып жатканда Балбак Түлөбаев суроо берүүнү токтотууну сунуштаган.
"Урматтуу вице-спикерлер, силердин маселеңер (кызматынан ордунда калышы — ред.) дагы эле ачык бойдон турат. Кезек менен сөз бергиле, мен биринчи чыксам, тияктагыларга берип жатасыңар. Экинчиден, WhatsApp менен башкарганды токтоткула! Бардык нерсенин чеги болот! Ар бир депутаттын сүйлөгөнгө укугу бар. Буларды кичине ишканага директор кылып жатканыбыз жок. Министр болчулардын программасын сурайын деп жатабыз. Токтоткула, буга окшогон оюнуңарды", — деди Талиева.
Натыйжада талапкерлерге суроо берүүнү чектөө сунушу өткөн жок.
Балбак Түлөбаев министр болчу талапкерлерге камалып кетпөө үчүн кеңеш айтты