Депутат Малиев желек, герб, гимнди өзгөртүүнү сунуштап, варианттарын айтты

Эл өкүлү мамлекеттик символдор тарыхый мааниси жок, жөн гана сүрөт сыяктуу болуп калган деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев желек, герб жана гимнди өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатканын билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик символдор тарыхый мааниге ээ болушу керек, азыркылары жөн гана сүрөт сыяктуу болуп калган.

"Бүгүнкү гербибиз жөн гана татынакай сүрөт. Биздин тарыхый эн тамгаларыбыз бар, анын ичинен Манас атабыздын эн тамгасы. Нукура кыргыз элинин желеги көк түстүү болгон. Ал Манастын көк асабасы. Ошол боюнча мыйзам даярдап жатабыз, жакында киргизебиз. Колдоп беришиңиздерди өтүнөм. Гимнге татыктуу жакшы обондор бар, мисалы, "Кыргыз жери" элге сиңген чыгарма. Автор менен макулдашып кээ бир сөздөрүн өзгөртүп алсак. Ошондо биз мамлекеттик символдорду жаңыртып, тарыхка кайрылып, элибиздин нукура символдорун колдонсок туура болот эле", — деди Малиев.

Ошондой эле ал Кыргызстан эгемендүүлүктү алганына 31 жыл деп айтуу туура эместигин, эмки жылы мамлекеттүүлүктүн 2 230 жылдыгын белгилөө керектигин айтты. Ал 2003-жылы өлкөдө мамлекеттүүлүктүн 2 200 жылдыгы өткөрүлгөнүн кошумчалады.
Эркелегендин чеги бар! Жапаров Кемпир-Абад боюнча чуу түшкөндөргө эскертүү берди