Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажик тарап чек арадагы чырда алып кеткен мал, автоунааларды кайтарды

14 жылкы жана эки автоунаа Ак-Сай айылынын жашоочуларына таандык болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Тажикстандын Ворух аймагынын милиция кызматкерлери Баткен облусунун Ак-Сай айылынын жашоочуларына таандык болгон 14 жылкы жана эки автоунааны өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Мүлктү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу учурунда тажик тарап алып кеткен.
Эске салсак, 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, жыйынтыгында Кыргызстандан 63 адам каза таап, 200дөн ашыгы жарадар болгон. Чек арадагы чырдан Баткендин бир топ айылдары талкаланып, үйлөр жараксыз абалда калган. Азыркы тапта аларды калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Буга өкмөт 3 миллиард сом бөлдү. Буга чейин Баткен облусу боюнча 618 турак жай талкаланганы маалымдалган. Анын 453ү кайра курулса, калган 165 үй капиталдык оңдоодон өткөрүлмөкчү.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров жаңы үйлөрдү 2-3 айдын ичинде салып бүтүү тапшырмасын берген. Ага чейин жергиликтүү тургундар мектептерде жашап турушат. Ошондой эле аларга убактылуу баш калкалап туруу үчүн жылууланган чатырлар тигилди.
Жамандыкта жабыла жардам берген Кыргызстан. Ачылган эсептерге канча акча түшкөн