Балбак Түлөбаев министр болчу талапкерлерге камалып кетпөө үчүн кеңеш айтты

Депутат алар камалганда президент да, өкмөт башчы да, депутаттар дагы жардам бербей, жалгыз каларын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Силердин эки эле жолуңар бар — таза иштесеңер андан ары өсүп-өнөсүңөр, болбосо камаласыңар. Мындай пикирин депутат Балбак Түлөбаев министрликке талапкерлерге айтты.
Эл өкүлү министрлер камалганда президент да, өкмөт башчы да, депутаттар дагы жардам бербей, жалгыз каларын эскертти.
"Таза иштейсиңер же камалып абийириңер төгүлөт, башка жолу жок. Ишенимди жоготуп жатасыңар, силер менен кошулуп биз дагы сынып жатабыз. Элдин шагын сындырбагыла. Тажрыйба болгону үчүн кеңешимди айтып жатам. Эгер таза иштебесеңер жаныңарда отургандар да сатат. Бир депутат же башка бирөө суранган адамды жумушка алып абийириңер төгүлбөсүн. Мен мэр, губернатор болгон үчүн айтып жатам", — деди Түлөбаев.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Алтынбек Максутов, билим берүү жана илим министрлигине Уланбек Мамбетакунов, энергетика министрлигине Таалайбек Ибраев, транспорт министрлигине Тилек Текебаев сунушталган.
Билим берүү министри болчу Мамбетакунов 12 жылдык окуу боюнча пикирин айтты