Россиялык саперлор Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Луганскидеги жарандык объектилерине мина коюп кеткендигин айтып беришти.
Улутчулдар ЛЭРден чегинип жатканда ар кыл айла-амалдарды колдонуп, жардыргыч заттарды мектептерге, бала бакчаларга коюп кетишкен. Бул туурасында РИА Новостиге россиялык саперлордун командири айтып бергенин агенттик Telegram каналында маалымдады.
"Жер төлөлөр, чатырлар миналанган. Балдар окуган класстарга зымы тартылып, кооптуу жерге жайгаштырылган гранаталар табылды", — деп айтып беришкен алар.
Адистер бул коркунучтуу түзүмдөр ар кыл айла-амалдар менен коюлганын белгилешкен.
"Дубалдын боорун тешип, ал жердеги минага жарылгычтын милтеси орнотулат. Башына зымды илип, шкафтын эшигине же кире бериштеги каалгага чейин тартып барып, байлап коюшкан", – деп түшүндүрүп берди россиялык саперлордун командири журналистке.
Анын айтымында, украиналык улутчулдар жарылуучу заттарды эмеректердин, карниздердин артына жана дубалды оюп орнотуп, үстүн байкатпай шыбап коюшкан. Сапер эң коркунучтуу заряддардын бири мектептердин бирине орнотулгандыгын билдирди.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген.
Президенттин айтымында, операциянын түпкү максаты — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик берген шарттарды түзүү.
Тема боюнча: