"Түндүк агымдын" жардырылышы боюнча окуя улам күч алып келе жатат. Кремль диверсия жасады деп АКШны күнөөлөсө, Европа Москваны айыптоодо. Аскерий аналитиктер да өз версияларын айтып жатат, деңиз рельефинин өзгөчөлүгүнөн улам шектүүлөр даана билине баштады. Кырдаалга баам салган Андрей Коцтун материалын РИА Новости жарыялаган.
Американын The Times гезити Москва энергетикалык кризистин маалында Европаны бир аз силкинтип койду деп жазууда. Бирок журналисттер түтүктүн ишин вентилин бурап токтотуп коюуга болгон соң Россия өз куурун жардырып эмне кылат деген суроону кыйгап өтүшкөн.
Муну аналитиктер да белгилешүүдө. Швейцариянын чалгын кызматынын мурунку адиси Жак Бо Radio Courtoisie менен баарлашып жатып газсыз калса Кремль Германияга басым жасоочу мүмкүнчүлүктөн ажырай турганын айткан. Анын үстүнө чыгым миллиарддап саналууда, анткени курулушту негизинен Россия жүргүзгөн.
Эксперттердин айтымында, түтүктөргө торпедаларын коё берген "россиялык суу алдында жүрүүчү кемелери" тууралуу версия да чындыкка коошпойт. Жардыруу Даниянын сууларындагы Борнхольм аралынын жанында болгон. Ал жакта НАТОнун суу алдында тыңшоочу станциялары жайгашкан. Ушундай эле аппаратура Балтика деңизинин башка бөлүктөрүндө да бар. НАТО өлкөлөрүнүн аскер адамдары күн-түн дебей акваторияны "угуп" эмне болуп жатканынан кабардар.
Россиянын субмаринасы, батискафы же дрону газ түтүктөрү өткөн аймакка билинбей жете алмак эмес. Деңиз да бул аймакта тайыз, болжол менен 80 метр, суу алдында жүрүүчү аппаратты байкабай калууга дегеле болбойт.
Анан да Балтика флотунун карамагында суу алдында жүрүүчү болгону 877 "Палтус" долбоорунун "Дмитров" кемеси гана бар. Бул субмариналар мындай диверсияга ылайыкташкан эмес.
Россиянын Балтикадагы Аскер-деңиз флотунда болгон Калининград, Балтийск жана Кронштадтта жайгашкан үч базасы бар. Аларга керек учурда Польшадан (Гдыня жана Свиноусьце порттору), Германиядан (Варнемюнд, Киль жана Эккернферддеги базалар), Даниядан (Фредериксхавн жана Корсер базалары), ошондой эле НАТОнун жаңы мүчөлөрү Финляндия менен Швециядан учуп чыга турган америкалык "Пасейдондор" дайым байкоо салып турат.
Ким кызыкдар?
Россия бийлиги Американын изи көрүнүп турганын айтууда. ТИМдин маалыматында мында Вашингтондун экономикалык кызыкчылыгы бар. Европа мамлекеттеринин россиялык газдан баш тартуусун АКШ үчүн "ири стратегиялык мүмкүнчүлүк" деп атаган мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин билдирүүсү муну тастыктап турат.
"Океандын ар жагында 1970-жылдары эле СССР менен Германиянын экономикалык жакын кызматташуусуна жол бербөө стратегиясы иштелип чыккан, — дейт америкачы-саясат таануучу Сергей Судаков. — Бүгүн бул ыкма дале актуалдуу сыяктанат. Немец технологиясы менен россиялык ресурстун симбиозу Вашингтон үчүн коркунучтуу түштөй эле. Арзан энергиядан кол жууган Германия күтпөгөн жерден эле Евробиримдиктин башкы локомотиви болуудан калды. Берлинди алсыздандыруу менен Вашингтон экономикадагы атаандашын жок кылат".
Судаковдун айтымында, кеп ЕБ өлкөлөрүн АКШда өндүрүлгөн суюлтулган газга өткөрүү аракети тууралуу болууда. Россиялык газдан кыйла кымбат болгону менен европалыктардын башка айласы жок.
"Мындай диверсияны жасоого америкалыктар менен алардын жакын союздашы британиялыктардын техникалык мүмкүнчүлүгү бар, — дейт эксперт. — Деңиздин түбүн минадан тазалоо боюнча машыгуу өткөрүп АКШнын алтынчы флоту жай бою Балтикада жүрдү. Бирок минадан тазалоо үчүн ал жерге алган мина коюш керек да. Бул жаатта дегеле көйгөй жок эмеспи".
НАТОнун карамагында суу алдында жарылуучу зат коюуга жөндөмдүү роботтор бар. Анын үстүнө түтүктөр жайгашкан суунун тереңдиги ал жарылуучу заттарды атайын даярдыктагы адистердин деле коюусуна мүмкүнчүлүк берет.
Бай тажрыйба
Мындай учурлар буга чейин да болгон. 1982-жылдын жай айларында Уренгой — Сургут — Челябинск газ түтүгүндө жарылуу болгон. СССРге жылына сегиз миллиард доллар бере турган инфраструктура бир топ жабыр тарткан. АКШнын Улуттук аскер-космостук чалгындоо башкармалыгынын мурунку директору Томас Рид диверсияны ЦРУ жасаганын айтып келет. Атайын кызмат түтүктөрдүн ишине жооп берген компьютерлерди жарактан чыгарган.
Бир жылдан кийин АКШ аскердик сууда сүзүүчүлөрүн жиберип Никарагуанын экономикасын кыйратууга аракет кылган. Алар алгач Коринто портунда жайгашып бүтүндөй өлкөнү камсыздаган нефть сактоочу жайды жок кылып, андан соң Пуэрто-Сандинодогу маанилүү түтүктү талкалап салышкан. Танкер жакындабашы үчүн атайын кызматтын агенттери территориалдык сууга мина коюп кете беришкен.
Бул окуя ачыкка чыккан 1984-жылы Манагуа БУУнун Эл аралык сотуна кайрылган. Арбитраж Вашингтонду айыптуу деп таап, чыгымдын ордун толтуруп берүүгө милдеттендиргени менен АКШ резолюцияны блоктоп салган. Ал диверсияга башка дагы бир тобундай эле эч ким жооп берген эмес.