Чыдамкайлыкты талап кылат. Садыр Жапаров окутуучуларды куттуктады

Президент Кыргызстандын жаштары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө илим, ишкердик жана башка багыттарда ийгиликтерге жетишип жатканын айтып, мында мугалимдердин эмгеги зор экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Садыр Жапаров бүгүн бир гана мугалимдердин эмес, бала бакча тарбиячылары, кесиптик жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары, профессорлордун да майрамы экенин белгилеп, бул кесип чыдамкайлык менен эмгекти талап кыларын айткан.
"Бул кесиптин коомду калыптандыруудагы жана өнүктүрүүдөгү мааниси зор. Ошондуктан мугалимдер менен окутуучулардын мээнети сыйга татыктуу. Жалпы адамзаттын баалуулуктарын, улуттук наркты жаш муундардын кан-жанына сиңирип, адамзаттын басып өткөн жолун, жетишкендиктерин жана келечектеги мүмкүнчүлүктɵрүн окутуп үйрөтүүдө сиздердин ролуңуздар абдан чоң", — деп жазылат куттуктоодо.
Президент Кыргызстандын жаштары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө илим, ишкердик жана башка багыттарда ийгиликтерге жетишип жатканын айтып, мында мугалимдердин эмгеги зор экенин белгилеген.
"Билим берүү тармагын өнүктүрүү менен азыркы замандын чакырыктарына жооп берүү мүмкүнчүлүгү жаралат деп ойлойм. Мунун аркасында өлкөбүз туруктуу өнүгүү жолун ийгиликтүү улантат. Урматтуу эжей-агайлар, кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын!" — деген Жапаров.
Сөзүнүн соңунда президент бардык билим берүү кызматкерлерине ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат турмуш каалады.
Кыргызстан 12 жылдык окууга өтүшү керекпи? Демилгенин күнгөй-тескейи