Радио

Бишкекте жылуулук качан берилери айтылды

"Электр станциялары" ААКсынын техникалык директору Руслан Турганбаев кышка даярдык иштери кандай жүрүп жатканын айтып берди.
Sputnik
Кыш мезгилине даярдануу максатында жасалган оңдоп-түзөө иштери 95 пайызга жыйынтыкталды. Бул тууралуу Руслан Турганбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин 30-апрелдеги 234-токтомуна ылайык, майдан баштап күз-кыш мезгилине даярдыктар өз нугунда жүрүүдө.
"Кыш мезгилине даярдык көрүүдө жалпысынан оңдоп-түзөө иштери 95 пайызга жыйынтыкталды. Бишкек ЖЭБ боюнча иштер графиктен артта калууда. Анткени геосаясий абалдан улам логистика аксап, баалар өстү. Мындан улам болжолдонгон планга өзгөртүү киргизүүгө муктаждык жаралды. Ошентсе дагы бардык даярдык иштери жыйынтыкталып каларына ишендирип кете алабыз. Үч сутка катары менен орточо температура сегиз градустан суук болуп, мэриянын токтому чыкса жылуулук берүүгө даярдык бар. Былтыр жылуулук 8-октябрда берилген. Быйыл дагы термометрге карап муниципалитеттин чечими менен берилет", — деди Турганбаев.
Ошондой эле көмүр, мазут келишимдин негизинде ташылып жатканын кошумчалады.