АКШнын мамлекеттик карызы биринчи жолу 31 трлн. доллардан ашты

ЖМКлар ставканын өсүшүнөн улам карызды тейлөө барган сайын машакаттуу боло баштаганын жазышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик карызы тарыхта биринчи жолу 31 триллион доллардан ашты. Бул тууралуу өлкөнүн Финансы министрлиги кабарлаганын РИА Новости жазды.
3-октябрга карата Америка 31 триллион 123 миллиард 887 миллион 781 миң 401 доллар бересе экени айтылат.
Карыздын басымдуу бөлүгү — 24 триллион доллары жеке тараптардын үлүшүнө туура келет. АКШ чет өлкөлөргө 7 триллион доллар бересе.
ЖМКлар ставканын өсүшүнөн улам карызды тейлөө барган сайын машакаттуу боло баштаганын жазышууда.
Кыргызстан алгачкы карызын кантип алган? Тарых барактары