Эбегейсиз өлчөмдөгү электр энергиясы кайда кетип жатат. А.Жапаров жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин башчысы жыйындан соң ЖЭБге барган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күз-кышка даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрүп, энергетиктердин "секирик жасашы" керектигин айтканын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Алгач Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраевди тааныштырып, жасала турган милдеттерин белгилеген.
"Үстүбүздөгү жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө рекорддук 12 миллиард сом бөлүндү, башталган реформаларды аягына чыгарып, бөлүштүрүүчү компаниялардын ишин карап чыгуу керек. Сандарды карасак эбегейсиз өлчөмдөгү киловатт электр энергиясы кайда кетип жатканы азыркыга чейин белгисиз. Секирик жасоо зарыл, бул үчүн сиздерде бардык мүмкүнчүлүктөр бар", — деген Жапаров.
Министрлер кабинетинин башчысы андан соң Биштектеги ЖЭБге барган.
Өкмөттүн маалымат кызматы күз-кышка даярдык көрүү боюнча пландалган иштер өз мөөнөтүндө аткарылгандыгын, көмүрдүн белгиленген көлөмү менен камсыздоо, жабдууларды кышка даяроо иштери жүрүп жатканын билдирген.
Көмүрдү Бишкекте кайсы жерлерден сатып алса болот. Баасы, дареги