Садыр Жапаров Кемпир-Абад маселесин талкуулоо үчүн Өзгөнгө барды. Видео

Чогулгандар Кемпир-Абадга байланыштуу маалыматтар ачык берилишин талап кылышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселени талкуулоо үчүн Ош облусунун Өзгөн районуна барганын аймактык кабарчы билдирди.
Анын айтымында, президент Өзгөн райондук администрациясынын имаратынын алдына чогулган эл менен жолугушуп жатат. Чогулгандар Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусу имарттын ичинде эмес сыртта өтүшүн жана Кемпир-Абадга байланыштуу маалыматтар ачык берилишин талап кылышууда.
Имараттын алдындагы жергиликтүү тургундар колдоруна "Кемпир-Абаддан колуңду тарт!" "Кемпир-Абадды эл чечет!", "Протоколдор жокко чыгарылсын" деген жазууларды көтөрүп турушат.
Видеодон көрүнүп тургандай, Өзгөн районуна Садыр Жапаров менен кошо УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев да барган.
Буга чейин өлкө бийлиги Өзбекстан менен чек ара маселеси тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечилгенин билдирген. Соцтармак колдонуучуларынан айрымдары Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынан кол жууп калышы ыктымал деп кооптонууда. Мындан улам эл эки өлкө ортосундагы макулдашуу боюнча ачык маалымат берүүнү талап кылууда.
Мадумаров: чек араны тактоодо "Кемпир-Абад" Өзбекстанга өткөнү айтылууда