18 жаштагы Алтынай Ботоярова "Аалам сулуусу" сынагына катышарын жар салды

Модель былтыр "Кыргызстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. 18 жаштагы Алтынай Ботоярова 2023-жылы Кыргызстандын атынан "Аалам сулуусу" сынагына катышарын социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Белгилей кетсек, Ботоярова былтыр "Кыргызстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү болгон. Ошондой эле "Бишкек сулуусу — 2020", Mini Miss Fashion — 2010 жана Miss Fashion — 2014 сынактарында жеңишке жеткен.
Буга чейин "Аалам сулуусу" сынагына Кыргызстандан Бегимай Карыбекова катышкан.
Көктү тиктеп ыйлап жиберди. Индиялык кыз "Аалам сулуусу" аталды