БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. "Роскосмос" корпорациясы "Түндүк агымдагы" кырсыктын спутниктен тартылган сүрөттөрүн Telegram-каналына жарыялады.
"Роскосмос "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрүндөгү газдын агып чыгышына көз салууда", — деп жазылат билдирүүдө.
РИА Новости агенттиги аталган мамлекеттик корпорация Балтика деңизиндеги газ куурларындагы кырсыктын сүрөттөрүн бейшемби күнү эле жарыялаганын эске салды.
Эки түтүктөн газ чыгып жатканы 26-сентябрь күнү белгилүү болгон. Батыштын санкцияларынан улам Siemens турбиналарын оңдоодо маселе жаралгандыктан "Түндүк агымдын" иши августтун аяк ченинен тарта токтогон. Ал эми 2021-жылы курулуп бүткөн "Түндүк агым — 2" ишке берилген эмес. Анткен менен эки түтүктө тең газ бар болчу.
Nord Stream AG оператор-компаниясы буга чейин мындай авария болбогонун, калыбына келтирүү иштеринин мөөнөтүн болжоп болбой турганын билдирди. Германия менен Дания бийликтери кырсык атайылап жасалышы мүмкүн экенин айтышты.
Ал эми Кремль болгон окуяны террордук акт деп баалоодо. Россия президенти Владимир Путиндин айтымында, "англосактар санкцияга ыраазы болбой" эми жалпы европалык энергетикалык инфраструктураны жок кылууга өтүштү. Вице-премьер Александр Новак өз кезегинде "Түндүк агымдарды" иштен чыгарууга аталган долбоорго каршылык көрсөтүп келген мамлекеттер кызыкдар болушу мүмкүн экенин айтып, мындай өлкөлөрдүн катарына АКШны, Украина жана Польшаны кошту.