БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү пландалгандан көп.
"Электр станциялары" ишканасы билдиргендей, бүгүнкү күнү суу сактагычтагы суунун көлөмү 13,6 миллиард куб метрди түзөт. Агып кирген суунун орточо суткалык көлөмү 251 куб метр болсо, агып чыкканы 197 куб метр экени айтылды.
Июль айында Энергетика министрлиги октябрь айынын башында план боюнча суу сактагычка 13,5 миллиард куб метр суу толушу керектигин божомолдогон.
Кийинчерээк министрлер кабинети 13-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында 13,5 миллиард куб метр суу бар экенин айтып, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1,28 миллиардга көп экенин белгилеген.