Кыргызстандын ӨКМчилери өрт эстафетасында тажик кесиптештерин жеңди. Видео

Дүйнөлүк чемпионатка 11 мамлекет катышып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандын өрт куткаруучуларынан түзүлгөн команда Өзбекстанда өтүп жаткан эстафета мелдешинде Тажикстандын командасын утту. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Өрт эстафетасы "4x100" форматында болуп, ага төрт адам катышкан. Куткаруучулар 400 метрге чуркап, бул аралыкта өрт өчүрүү боюнча ар кандай ыкмаларды жасашкан.
Башында Кыргызстандан барган өрт өчүрүүчүлөр өзбек спортчуларынан утулуп калган. Андан соң Тажикстандын өрт өчүрүүчүлөрү менен таймашып, аларды артка калтырган.
Өрт куткаруу спорту боюнча XVII дүйнөлүк чемпионат Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүүдө. Ага 11 мамлекет катышып жатат.
Кыргызстан менен Россиянын футболчулары эми Москвада күч сынашары пландалууда