"Түндүк агымдардын" жардырылышы Россияны бир топ чыгымга кептеди. Ушунча үмүт артылып миллиарддаган доллар салынган долбоордун калыбына келиши ого эле көп убакытты талап кылат. Азыркы геосаясий абалды эске алсак, жылдап созулуп кетиши да ыктымал. Бирок баарынан көп зыянын Европа тарта турган болуп калды сыяктанат. Чуу түшүргөн кырдаалга Виктория Никифорова баам салган. Макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Орустардын арзан углеводородунан ажыратып салганы деле аз эмес болчу. Түтүктөр азыр иштеген жок деңизчи, бирок бул европалыктар үчүн Москва менен соодалашуунун үмүтү эле да. Бир аз убакыт өткөн соң Киевди кыса түшүп, тынчтыкка мажбурлап, аны отунга соодалашып алмак. Жашоо баягы нугуна түшөт деген кичинекей илинчек бар эле.
Мунун баары эми ишке ашпас кыял бойдон калды. Сүйлөшө калып соодалашып жиберишчү эле, эми европалыктарга эч ким андай мүмкүнчүлүк бербейт. Вашингтон үйдө кимдин кожоюн экенин көрсөтүп койду. Европалыктар үшүмөктөн көк муштум болуп тоңуп калса да газы жок отура беришет.
Кесепети айтпаса да түшүнүктүү. Европанын ири ишканалары азыртан эле токтоп калганы турат, бензинден тарта азык-түлүккө чейин баа укмуштуудай өсүүдө. Банкроттук элди жапырт жумушсуздукка кептейт. Иши жок отуруп калгандар "коммуналкасы" менен күнүмдүк тамак-ашына кайдан акча табарын бир да европалык жетекчи түшүндүрө алган жок. Европа Украина баскан жол менен чуркап бара жатат, бүгүнкү күндө Киев экономикасын биротоло талкалап, элин жакырлыкка тушуктурду.
Бирок бул жерде кеп экономикалык катастрофада да эмес. Газ түтүктөрүндөгү англосакстык (Владимир Путиндин атоосу) диверсия Европанын имиджин кыйратып, анын көз карандысыздыгы тууралуу пикирди жок кылды.
ЕБ өлкөлөрү көп жыл бою Вашингтонго тең ата өнөктөш сымал болуп келди, глобалдуу оюнчу деп эсептелчү. Париж, Берлин, Вена — байыркынын сүр-сөөлөтү сакталган шаарлар эле. Бул мамлекеттердин жетекчилери өзүлөрүн болбосо да өзгөлөрдү кубаттуу Европанын мыйзамдуу мураскерлери экенине ишендирип келишти.
Бирок газ куурларындагы жарылуу бул кыялды тыптыйпыл кылды. Негизи глобалдуу дүйнөнүн оптикасы эч кимди аябайт эмеспи. Англосакстык кожоюндар европалыктар миллиардап евро салган газ түтүгүн жок кылып, аларды итке мингизди, америкалык суюлтулган газдан көз каранды кылып коюшту. Европалыктар эмне жооп кайтарды?
Унчукпастан үрөйү учуп отурат. Байкадыңызбы? Ал жактагы элита тагдыры чечилчү диверсия тууралуу ак же көк деп койгонго жараган жок. Бир гана Александр Вучич жарылуу тууралуу укканда "коркконунан кара тер басып" кеткенин жашырган жок. Калганы вашингтондук кожоюну эмнени айт десе эптеп ошону айтып, күнөөнү орустарга оодарымыш болду. Мындай араң жан болуунун да себеби бар, апаат кесепетине нес болуп турган чактары.
Негизи жасалган диверсия боюнча БУУ трибунасынан чуу чыгарып, "жардамга эле жардамга" деп айгай салып, дегеле болуп көрбөгөндөй иликтөөнү Россия эмес Германия жана башка европа мамлекеттери башташы керек эле. Жок, андай эч нерсеге күбө болгон жокпуз.
Кырсыкты иликтөө тууралуу айтып-деген деле киши жок. Эмне кереги бар, ким эмнеге жардырганын баары эле билип турбайбы. Politico басылмасы "тергөөчүлөр качандыр бир кезде газ түтүктөрүн жардыруунун артында Россия турат деп элди ишендире алар бекен?" деп суроо салды. Жок, албетте, ишендире албайт. Кайсы бир комиссар кырсыкты чындап ким жасаганын аныктап чыксачы? Кудай анын жүзүн ары кылсын, ошон үчүн тынч эле жашай берейин деген позиция. Баары баарын түшүнүп турат, бирок эч ким унчуга албайт.
Америкалык банкирлерден айлык алып жашаган саясатчылар менен океандын ары жагынан келчү грантка жан баккан журналисттер го түшүнүктүү, алар бир нерсе дейт деп деле эч ким күтпөйт. Айтылуу европалык аристократия кайда, эмне үчүн үн катпайт? Европа бизнесинин ана башындагылар, белгилүү өнөр жай династияларынын мураскерлери, кайдасыңар? Христиан чиркөөсүнүн ишмерлери, кана силердин сөзүңөр?
Европа бизнесинин капитандары акчасын АКШга ала качып, керек болсо өндүрүшүн көчүрүп жатат. "Капиталдын улуту болбойт", Германия, Италия, Австриядан бутка туруп, эми кетер чак келди да.
Булардын артынан европа аристократиясы да жылт койгону калды. Гарри жана Меган Виндзорлор АКШдагы жашоону жакшы эле жарнамалап беришти.
Христиан чиркөөлөрүнүн лидерлери отунга акча жок храмдарды жаба башташты, четинен сатылып, май куюучу станцияга, көңүл ачуучу жайларга айланууда. Элге энергияны үнөмдөө үчүн чыдап, аралыктан сыйынып турууну сунушташты. Бул алардын Европанын кыйроосуна жасаган жалгыз реакциясы.
Мунун баары Украинаны эске салат. Маданият, салт-санаа, байлык дегендин баары орустун газы түгөнөрү менен шыпырылып түшчү куру сөөлөт болуп калды. Анысы жок Европа жергиликтүү колониялык элита АКШнын көзөмөлү менен акча таап, эми болгон-бүткөнүнүн баарын чогултуп алып метрополияга качып чыккан эч бир укугу жок аймакка айланды.
Америкалык тескөөчүлөрүдүн жетегинде калган аймактар эмнени күтүп жатканын баарыбыз Украинанын мисалы аркылуу билебиз. Гүлдөп өсүп бара жаткан мамелкеттер бир заматта урандыга айланат.
Европалыктар каяша айтып деле кыйналган жок. Вашингтондун айтканы менен болуп, экономикасын өз колу менен талкалады. Көрсө жакырчылык АКШ каалагандай ыргакта жүрбөптүр. Кожоюн процессти тездетүүнү чечип, диверсиялар башталды.
Европалыктар аларды эмне күтүп жатканын жакшы түшүнүшөт. Ааламдын бай, жалкоо болуп бүткөн, абийирсиздиктин чегине жеткен бөлүгү Вашингтон үчүн оңой олжо. 90-жылдары АКШ экономикалык көйгөйүн постсоветтик мейкиндиктеги каракчылык менен чечип келген. Эми Россия тап бергенден кийин Европаны тоноого туура келүүдө.
Politico журналы кезектеги материалында Европа жакынкы мезгилде кабылчу диверсиялардын түрүн келтирген: "интернет, энергия менен камсыздоочу система, финансы рыногу жана суу түтүктөрү гибриддик чабуулга тушугушу мүмкүн. Мындай кол салуу согуш менен тынчтыктын ортосундагы зонада, автоматтык түрдө курал менен жооп бере албаган буталарга чабуул коюлат".
Туура, америкалык кожоюн дал ушундай ыкма менен еврапалык өнөктөштөрүнүн инфраструктурасын талкаламакчы. Кандайча союздаштан алгач кулга, анан олжого айланып калганын Европа өзү да түшүнбөй калды. Андай да болот экен. Украина деле алгач өзүн өнөктөш сезип жаткан. Каатчылык каарып келгенде өнөктөштүн олжого айланып кетиши деле бат экенин көрдүк.
Европа мамлекеттеринин жетекчилери тушуккан кырдаалды электоратына кантип түшүндүрөт? Элдин мээсине Вашингтон коргоочу, таяныч, үмүт экени он жылдап сиңирилген эмеспи. АКШ менен кызматташуу пайдалуу деген саясат жүргөн. Эмичи?
Чынын айтканда, Европа өлкөлөрүнүн лидерлери өз элдерине океандын ары жагындагы колдоочу Европанын душманына айланганын айтышы керек эле. Бул душман инфраструктурасын талкалап, мамлекеттерди кыйратууга даяр экенин көрсөтсө болмок. Биротоло баш тартып Россия менен мамилесин оңдогонго аракет кылса натыйжа бермек.
Бирок Евробиримдикте даанышман саясатчы аз. Виктор Орбан антироссиялык санкциялар боюнча референдум өткөрүү тууралуу айбыкпай жар салды. Александр Вучич азырынча кыр көрсөтүп турат.
Албетте, басымдуу бөлүгү баарына орустар күнөөлүү деген калп менен калкын тойгузууда. Кийинки диверсияларды да орустар жасайт имиш. Буга азыр эч ким деле ишенбей калды. Бирок айла жок, евробюрократия Вашингтондун айтканы менен болушу керек.
Американын планы боюнча, бүлүнгөн Европа жини келип, Украина баскан жол менен кетиши керек. Ачка болгон бюргерлер нацизм деген, мыкаачылык деген эмне экенин көрсөтүп беришет. Анан америкалык кожоюн буларды Чыгыш фронтко салат.
Ошондуктан Брюссель "диверсиядан кантип коргонобуз" деген суроого Европаны демилитаризациялап гана жооп берет. Мында НАТОнун катаал көзөмөлү, чалгын чаралары, абада жана деңизде аскер техникасын көбөйтүү, Россияга карата дипломатиялык кысым жана Москва менен коркутуу күчөйт. Тагдырдын тамашасын караңыз, диверсияларды англосакстар жасайт, Европа өзүнүн кыйроосу үчүн Россияга жасалчу чабуулу менен жооп берет. Бир сөз менен айтканда өзүн-өзү өлтүрүүчүлөрдүн европалык биримдиги.