Бишкекте милициянын капитаны пара алып жатып кармалды. Сүрөт

Кармалган милиция кызматкерин чет элдик жарандан 150 000 сом талап кылган деп айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

2 / 2

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча камалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

"1-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны К.Т.Б. пара алып жаткан жеринен кармалды. Кылмыш жообуна тартылып, камакка алынат деп коркутуу жолу менен чет элдик жарандан 150 000 сом талап кылгандыгы аныкталган", — деп айтылган маалыматта.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча камалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
"Пара алып жаткан". УКМК мамлекеттик нотариусту кармады