Өмүрүн, жаштыгын мекенге арнаган. Вице-адмирал Темировдун сүрөттөгү ирмемдери

Борбор Азия боюнча жалгыз вице-адмирал наамына жеткен кыргызстандык Марат Темировдун мекенине жасаган эмгеги элинин эсинде.
Sputnik
Марат Темиров 1943-жылы 5-майда Казарманда төрөлгөн. Атасы Темир Сатиев Тогуз-Торо райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райондук компартиянын биринчи катчысы, Жумгал райондук компартиясынын 2-катчысы болгон. Ал өмүрүнүн акыркы жылдарында туулуп-өскөн жери Түп районунун элге билим берүү тармагында иштеп жүрүп айыкпас дарттан улам көз жумган. Марат Темировдун апасы чиедей жети бала менен эрте жесир калган.
Марат Темиров кийин Ысык-Көлдө интернатта билим алып, 1960-жылы окууну бүтөр жылы гезиттен мугалими экөө Ленинграддагы жогорку аскердик окуу жайына кабыл алуу жүрүп жатканын окушат. Бийик максаттын көздөгөн улан ошол жарыяны кесип алып Ленинградга жалгыз жөнөйт. Ал жылы окууга өтө албай, курсанттыкка талапкер катары Түндүк флоттун суу кемелеринде бир жыл кызмат өтөйт. Кийинки, 1961-жылы Ленинграддагы Дзержинский атындагы аскердик деңиз флотунун инженердик жогорку окуу жайга кирет. Эске салсак, бул — Петр Iнин мезгилинен бери келе жаткан аскердик окуу жайдын бири.
Марат Темиров 1966-жылы жаңы атомдук кыймылдаткычтар боюнча адис болуп чыгып, шарты татаал Түндүк флотто кызмат өтөйт. Бөтөн элде тыңдыгы, билими, жугумдуулугу менен жөнөкөй офицерден бөлүктүн башчылыгына чейин жеткен. Эң биринчи чыккан суу астында жүрүүчү өзөктүк кемелердин технологиясы анча өнүкпөгөндүктөн радиация күчтүү болгон. Ал жерде беш гана жыл иштөөгө уруксат эле. Бирок Темиров ишине берилгендиктен 11 жыл суу астында жүрүүчү атомдук кемеде кызмат өтөйт.
Кийин мекенине Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун чакыруусу менен келет. Ал кишинин жетекчилиги астында ДОСААФта (Армиянын, авиациянын жана флоттун ыктыярдуу коому — ред.) иштеп калат. Кийин ал Спорттук техникалык коргоо уюму болуп өзгөртүлгөн.
1978-жылы Ош облусундагы ДОСААФ жетекчилигине жөнөтүлөт. Ал эми 1987-жылы Калыйнур Үсөнбеков башка кызматка кеткенине байланыштуу ордуна Марат Темиров Кыргызстан боюнча ДОСААФтын жетекчиси болуп, ишти жакшы алып кетип уюмдун атын Союзга чейин тааныткан.
Темировго III, II, I даражадагы капитан (майор, подполковник, полковник — ред.), контр-адмирал (генерал-майор), вице-адмирал (генерал-лейтенант) офицердик чиндер биринин артынан бири ыйгарылган. 1989-жылы 1-ноябрда Борбордук Азиядан биринчилерден болуп СССР өкмөтүнүн чечими менен Михаил Горбачевдун колунан контр-адмирал наамын алган. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен вице-адмирал наамы берилет. Кийин Россия тарабынан Марат Темировдун эмгеги жогору бааланып деңиз флотунун 300 жылдыгына карата медаль тапшырылган.
Марат Темиров 1998-жылы 9-майда 55 жаш курагында көз жумган. Анын артында үч баласы калды. Вице-адмиралдын уулу, полковник Артур Темиров да учурда аскер кызматкери.
1 / 13

Вице-адмирал Марат Темиров

2 / 13

Капитан-лейтенант Марат Темиров аскерде бирге кызмат өтөгөндөр менен Офицерлер үйүнүн алдында. 1971-жыл, Североморск шаары.

3 / 13

Марат Темировдун Түндүк флоттогу матрос кези

4 / 13

Темиров алгач курсанттыкка талапкер катары Түндүк флоттун суу кемелеринде бир жыл кызмат өтөгөн

5 / 13

Вице-адмирал Дзержинский атындагы Ленинграддагы Аскердик-деңиз флотунун инженердик жогорку окуу жайына тапшырган. 1965-жыл, 4-курстагы мезгили.

6 / 13

Марат Темиров 1966-жылы жаңы атомдук кыймылдаткычтар боюнча адис болуп чыгып, шарты татаал Түндүк флотто кызмат өтөйт

7 / 13

Суу астында жүрүүчү атомдук кеменин кают компаниясы менен жүрүштө. 1969-жыл.

8 / 13

Марат Темиров жаштыгын — суу астындагы атомдук кемеде кызмат өтөөгө арнаган.

9 / 13

Уулу Артурдун алгачкы сүрөтү. 1970-жыл, Североморск шаары.

10 / 13

Түндүк флотто тажрыйба топтоого жиберилген учуру. 1965-жыл, Мурманск аймагы.

11 / 13

Марат Темиров уулу ата жолун жолдогонуна сыймыктанчу. Баласы Артур Темиров менен Ленинградда. 1985-жыл.

12 / 13

Темиров курсташтары менен. Североморск, 1971-жыл.

13 / 13

Вице-адмирал 1998-жылы 9-майда 55 жаш курагында каза болгон. Ал кишинин өлүмүнө 11 жыл суу астында жүрүүчү өзөктүк кемеде иштегени негизги себеп болгонун айтып келишет.