Дарыгер кулактын эмнеге чуулдай турганын айтып берди

Кулактын ичиндеги үн ооруга байланыштуу пайда болору белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кулак эмнеге чуулдай турганын "Известия" отоларинголог, медицина илимдеринин кандидаты Владимир Зайцевге шилтеме берип жазды.
Адистин айтымында, кулактын чуулдаганы өз алдынча кубулуш болушу мүмкүн (тиннитус) же кандайдыр бир оорунун белгиси катары каралышы ыктымал.
Биринчиден, булар кулактын угуу нервинин сезгенишинен болот. Ошондой эле кулку тыгылып калгандан, кан басым түшүп же жогорулап кеткенден да жаралышы мүмкүн.
"Айрымдар кан басымы көтөрүлүп кеткенде ушундай абал кездешерин айтышат, аны менен катар эле кан басым түшкөндө да бул белгилер сезилет", — деди Зайцев.
Дарыгер буга чейин COVID-19 оорусунан кийин да угуу начарлап кулак чуулдашы мүмкүн экени айтылып келе жатканын эске салды.
Медик: витамин, минералдар жетпеген учурда органдар бузулушу ыктымал