Украина газдан баш тартып, таштанды менен жылынууну пландап жатат

Бул кышта Украинада аба ырайы нормадан төрт градуска суук болору божомолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Украина келе жаткан кышта газдан толугу менен баш тартууну пландаштырууда. Анын ордуна ал таштандыны пайдаланышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Украина альтернативдик энергия булактарынын эсебинен жылынуу үчүн жаратылыш газын колдонуудан толугу менен баш тартууну пландаштырууда. Жылуулукту биомасса менен таштанды деле бере алат", — деди "Нафтогаз Украины" ишканасынын башчысы Юрий Витренко.
Анын айтымында, Житомир шаарында ТЭЦтин курулушу жүрүп жатат. Ал биомасса жана таштанды менен иштемекчи. Жалпы кубаттуулугу 50 мегаватт болору күтүлүүдө.
"Биз бул үчүн эл аралык өнөктөштөрдөн каражат чогултуп жатабыз. Мындай долбоорлор келечекте бардык энергиянын туруктуу болушун камсыздоого жардам берет. Газ кымбат. Ал эми мындай долбоорлордун өзүн актоо мөөнөтү эки-үч айды түзөт", — деди ал.
Буга чейин Украинанын премьер-министри Денис Шмихал күз-кыш мезгилинде өлкө керектүү көлөмдөгү энергетикалык ресурстар менен камсыз болот деп ишендирген. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Украинанын газ кампаларына 13,2 миллиард куб метрден ашык газ куюлган.
Ошол эле учурда бул кышта аба ырайы Украинада нормадан төрт градуска суук болору божомолдонууда.
"Түндүк агымдагы" кырсык: Европа кыйын кезеңдин камын көрүүгө мажбур...