Небензя "Түндүк агымдагы" саботаждан кимдер пайда көргөнүн айтты

Nord Stream 1 оператору Nord Stream AG газ түтүктөрүндөгү авария өтө олуттуу экенин жана оңдоо мөөнөтү канчага созуларын айтуу мүмкүн эмес деп билдирди. Кремль окуяны эл аралык террорчулук актысы деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. "Түндүк агым" газ түтүктөрүндөгү саботаж аларды курган Россия же күйүүчү май керектеген Европа үчүн эмес, АКШ үчүн пайдалуу болду. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензяга шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Түндүк агымда" болгон авария АКШ үчүн пайдалуубу? Албетте. Газ куурун токтотуу америкалык газ үчүн пайдалуу болду. Ал эми саясий көз караштан алганда Евробиримдиктин энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылган акыркы жип үзүлдү", — деди ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
Ошондой эле туруктуу өкүл кол салуунун артында "жөнөкөй террористтер" турушу мүмкүн эмес деген пикирин билдирди.
"Бул мамлекеттин же ал көзөмөлдөгөн субъектилердин аралашуусу жок ишке ашпай турган нерсе. Россия кол салууга жооптууларды аныктайт", — деди ал.
Небензя Батыш өлкөлөрү "Түндүк агым" газ куурларына кол салууну Россиянын Украинадагы аракеттери үчүн өч алуу катары баалап жатканын дагы кошумчалады.
Дүйшөмбү күнү Россиянын Европага газ экспорттоочу эки кууруна бир убакта террордук чабуулдар болгон. Бул атайын уюштурулган саботаж экенин Германия, Дания жана Швеция мамлекеттери моюндап жатат.
Nord Stream 1 оператору Nord Stream AG газ түтүктөрүндөгү авария өтө олуттуу экенин жана оңдоо мөөнөтү канчага созуларын айтуу мүмкүн эмес деп билдирди. Кремль окуяны эл аралык террордук акт деп атады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев менен колдоочуларынын кулагына күмүш сырга. Путиндин сөзүнүн урунттуу учурлары