Статком: өлкөдө эркектердин өлүмү аялдарга караганда 1,5 эсе көп катталат

Былтыркы санак боюнча эркектердин жашоо узактыгы 67,9, аялдардыкы 76,1 жашты түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстанда эркектердин өлүмү аялдарга караганда бир жарым эсеге көп катталат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу жаштагылардын негизги бөлүгүн аялдар түзөт, анткени алардын жашоо узактыгы эркектерге караганда жогору.
2021-жылы эркектердин жашоо узактыгы 67,9, аялдардыкы 76,1 жаш болчу.
"Жашоонун узактыгындагы ажырым жыныстык өлүмдүн айырмачылыгы менен байланыштуу. Эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнөн бир жарым эсе көп. Пенсия курагына чейин жашоо мүмкүнчүлүгү аялдардын 90 пайызын, эркектердин 70 пайызын түзөт. Бул жерде аялдардын пенсия курагы беш жылга эрте келе тургандыгын эске алуу керек, эркектер 63, аялдар 58 жаштан чыгат", — деп жазылат маалыматта.
Учурда жаш курагы боюнча 576 миңден ашык адам пенсия алат. Алардын 401 миңи аялдар, 175 миңи эркектер.
Узак жана дөөлөттүү жашоону камсыз кылабыз. Садыр Жапаров карыларды куттуктады