Саясий ишмер Арстанбек Дүйшеевдин уулу: атам Оштон кетип жатканда эл ыйлап узаткан

Быйыл белгилүү мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеевдин 90 жылдыгы белгиленүүдө. Айдын башында ага КР Эл Баатыры наамы ыйгарылды.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" рубрикасынын алкагында советтик мамлекеттик жана саясий ишмер Арстанбек Дүйшеевдин уулу Нурлан Дүйшеев менен маек куруп, залкар инсандын эмгектерин эскердик.
— Сөздү атаңыздын балалыгынан баштайлы, ал киши согуш жылдарында чоңойгон экен. Кандай үй-бүлөдө өсүп жетилген?
— Атам Кемин районунун Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө жети бир тууган болчу, чоң атам, чоң энем катардагы эле дыйкандар. Атам согуш мезгилинде ачарчылык катуу болгон деп айтып калар эле. Үч жаштан 15 жашка чейинки балдар курсагы оңгулуктуу тойбогондуктан буттары шишип, шишик киндигине жеткенде балдар чарчап калчу экен. Атам да ошентип ооруп шишиги тизесинен өйдөлөп кеткенде чоң энем түндө жашырынып барып, түшүм жыйналып кеткен кызылча талаасында калып калган кызылчаны терип келип кайнатып берип атамды өлүмдөн сактап калган. Чоң энемдин талааны кайтарган кароолчулардын колуна түшүп таяк жеген учурлары да болуптур. Анан, албетте, атам өзү курактуу балдар сыяктуу эле талаада иштеп, чоңдорго кол кабыш кылып кыйынчылыктарды көрүп өскөн.
— Элеттеги мектепти аяктаган соң борбор калаада жогорку окуу жайды кызыл диплом менен аяктап жатат. Эмгек жолун каяктан баштаган?
— Фрунзе шаарына келип Айыл чарба институтуна тапшырган экен. Анын ветеринария факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн. Жумгал совхозуна бөлүштүрүлүптүр, мал доктур болуп ошол жакта эмгек жолу башталды. Анан Тоң районуна, кайра Жумгал совхозуна директор болуп которулган.
Нурлан Дүйшеев: Союз маалында эгер Брежнев бир айлык эс алууга кеткен болсо, анын милдетин СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары убактылуу аткарып, мамлекет башында турчу экен. Ошондуктан атам да Советтер Союзун башкарган жайы бар.
— Кийин Жумгал, Өзгөн районунда иштеп Компартиянын борбордук комитетине чакыртылыптыр. Ал кезде мындай которулуу жакшы көрсөткүч эмес беле.
— Ооба. Жумгал райкомунун экинчи катчысы болуп иштеп жүргөндө Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетине уюштуруу бөлүмүнө жооптуу катчы катары чакыртылып, кийин Өзгөн райкомунун биринчи катчысы болуп кеткен. Ал жакта мамлекеттик кызматта жүргөндө илимий ишин да жазып бүтүрүп, Москвада кандидаттыгын жактаганга үлгүргөн. Өзгөндө жети-сегиз жылдай иштеп райондо жакшы жыйынтыктарды көргөзгөн. Ошондон улам жогорку жактагылар аны борбордук комитеттин айыл чарба боюнча катчысы кылып бекиткен. Оштон кетип жатканда жергиликтүү тургундар ыйлап узаткан. Атам "мен өлүп калган жокмун, борборго эле кеттим, келип турам" деп аларды урушканы эсимде. Азыр да Ошко барып калсам жашы өтүп калган аксакалдар эскерип калышат.
— Фрунзеде эки жылдай иштеп 1971-жылы жаңы түзүлгөн Ысык-Көл облусунун биринчи катчысы болуп дайындалып жатат…
— Ооба. Ал кызматта сегиз жылдай иштеди, облустун экономикасын, айыл чарбасын, өнөр жайын жакшы эле көтөргөн. Тоң менен Жети-Өгүз районунун бир топ жерлерин өздөштүрүп, айдоо, сугат аянттарын көбөйткөн. Атам облустун аймагына биринчилерден болуп түнкү сугатты киргизген. Өзү машинасын айдап алып түнкү сугатка чыккандарды текшерчү экен. Бир жолу түндө кыдырып жүрсө талаадагы жарык ары-бери эле жылып жүрөт дейт. Барса сугатчы чыракты эшекке байлап коюп уктап жатыптыр. Атам сугатчыны ойготпой, эртеси колхоздун башчысын чакырып алып "сууну ысырап кылып эмнеге туура эмес колдонуп жатасыңар" деп урушуптур. Ал окуя кийин эл арасында анекдотко айланып кеткен жайы бар.
Советтик мамлекеттик жана саясий ишмер Арстанбек Дүйшеев облустун аймагына биринчилерден болуп түнкү сугатты киргизген
— Андан соң Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, ошол эле маалда СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары кызматын аркалап жатат. Ошондо Арстанбек Дүйшеев СССРдеги эң жогорку кызматтардын биринде отурган болобу?
— Ооба. Союз маалында эгер Брежнев бир айлык эс алууга кеткен болсо, анын милдетин СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары убактылуу аткарып, мамлекет башында турчу экен. Ошондуктан атам да Советтер Союзун башкарган жайы бар. Бирок атам кабинетте отуруп иштегенди жактырчу эмес. Ага чейин дайым кыймылда болуп эл менен аралашып иштеп жүрчү да. Унаасында дайым желим өтүгү жүрчү. Талаа-түзгө, тоого барып калганда алып чыгып кие калып жөнөчү.
— Эки жылдан кийин Кыргыз ССРинин Министрлер кабинетинин төрагасы болуп өкмөттү башкарып жатат. Ошол жылдары Арстанбек Дүйшеев эмне себептен мамлекеттик кызматтан биротоло кетип калган?
— 1981-1986-жылга жейин кыргыз өкмөтүн жетектеген. Атам кээде бир жумада Москвага эки-үч жолу учуп барчу. Кагаздарын көтөрүп алып долбоорлорду сунуштап, далилдеп берип каржы бөлдүрүп, жаңы иш баштаганга аракет кылчу. Ошол аракеттердин аркасы менен Кыргызстандагы мал сарайлар үй, мончосу менен тээ алыскы жайыттарга чейин салынган. Ал жакка электр жарыгы жеткирилип, малчылардын жолу оңдолгон. Борбор калаадагы филармония, "Ала-Тоо" аянты, Алыкул Осмонов атындагы китепкана, Нарын рестораны курулган. Алардын аткаруу мөөнөтүн, сапатын өзү көзөмөлдөп бүтүрткөн. Жада калса, курулушта жатып калган, командировкада жүрүп үйгө келбей калган учурлары көп болчу. 80-жылдары "Ала-Тоо" аянтын курууда көп мрамор колдонгонсуңар деп беш-алты жолу текшерүү келип таптакыр иштетпей коюшту. Усубалиевдин балдарын, биздин да дипломдорду тиешелүү органдар келип текшерген. Алар бизди окубай эле дипломду сатып алышкан деп ойлошту. Ошондон улам жана ден соолугуна байланыштуу да мамлекеттик кызматтан өз арызы менен кетип калган. Ал кезде ал-күчкө толуп турган, 54 жашта эле болчу. Жогору жактагылар каякка кетерин сураса илим менен алектенем деп Ветеринария илимий изилдөө институтуна директор болуп дайындалган.
Нурлан Дүйшеев: атамдын учурунда Борбор калаадагы филармония, "Ала-Тоо" аянты, Алыкул Осмонов атындагы китепкана, Нарын рестораны курулган. Алардын аткаруу мөөнөтүн, сапатын өзү көзөмөлдөп бүтүрткөн
— Арстанбек Дүйшеев эмгек жолунда Турдакун Усубалиев менен көп иштешкен экен. Экөө кандай мамиледе болгон?
— Ынтымакташып иштеп бири-бирин аябай жакшы түшүнүшкөн, Усубалиев атамдын эмгегин жакшы баалаган. Мисалы, 1968-жылы Өзгөндөн райкомдун биринчи катчысынан Фрунзеге борбордук комитеттин айыл чарба боюнча катчысы кылып алып кеткен. Ал кезде көпчүлүк мамлекеттик кызматкерлер бардык кызматтык тепкичти басып өтчү. Атамдай болуп катуу секирик жасагандар чанда болуптур. Эсимде, биз өкмөттүн дачасында кошуна турчубуз. Биринчи Турдакун Усубалиевдики, экинчи биздики, анан Министрлер советинин төрагасы Акматбек Сүйүнбаевдин дачасы болчу. Дем алыш күндөрү чогуу эс алып, акылдашып отуруп калышчу. Мамилелери жакшы болуп бири-бирин урматтап, сыйлап өтүштү. Мен бири экинчисин жамандаганын бир да жолу уккан жокмун.
— Ар бир күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат, апаңыз жөнүндө айта кетсеңиз.
— Апам менен атам студент кезинде таанышып баш кошушкан. Беш балалуу болуп Өзгөн районунда иштеп жүргөндө апам ак кан оорусунан 1965-жылы каза болуп калды. Ошондо Турдакун Усубалиев атама келип "сен эми дайыма жумуштасың, балдарың каралбай калат. Тажрыйбалуу адиссиң, жумуштан да кетире албайбыз. Ошондуктан балдарыңды жакшы балдар үйүнө жайгаштыралы" дептир. Атам "кызматтан кетип калайын, бирок балдарымды таштай албайм" деп жооп берген экен. Көп узабай эле Фрунзеге жаңы кызматка чакырышты. Кийин атам кайра үйлөнүп, бир кыз, эки уулдуу болду.
Советтик мамлекеттик жана саясий ишмер Арстанбек Дүйшеевдин аракеттеринин аркасы менен Кыргызстандагы мал сарайлар үй, мончосу менен тээ алыскы жайыттарга чейин салынган. Ал жакка электр жарыгы жеткирилип, малчылардын жолу оңдолгон
— Ата-энеңиз канча баланы тарбиялаган, алар учурда эмне менен алектенет?
— Эки кыз, беш эркекти тарбиялап чоңойтту. Мен атамдын жолун жолдоп ветеринардык дарыгер адистигин алгам. Атамдай илим менен кетип, биология илимдеринин кандидатымын. Айыл чарба тармагында көп жыл кызмат кылып жумушумду тапшыргам. Уул-кыздардын арасынан эч кимибиз атамдын деңгээлине жеткен жокпуз.
Баарыбыз жогорку билимдүүбүз. Эң улуубуз Алмаз. Кесиби боюнча агроном, учурда ишкерлик менен алектенет. Андан кийин эжем Зарема экономист. Азыр ардактуу эс алууда. Андан кийин эле мен. Өзүм көп жылдан бери айыл чарба тармагында эмгектенип, министрдин орун басары, статс-катчылыкка чейин жетип, ден соолукка байланыштуу министрликтен кеткем. Иним Болот, тарых илимдеринин кандидаты, азыр ал да жеке ишкерлик менен алек. Дагы бир иним Карыбек. Ал Москва мамлекеттик университетин бүткөн белгилүү юрист. Азыр Конституциялык соттун төрагасынын орун басары. Тилек иним да юрист. Ал Чүй облустук сотунда иштейт. Эң кичүүбүз Рема. Карындашым учурда үй-бүлөсү менен Австралияда жашайт.
— Советтер Союзу тараганда көпчүлүк мүлк менчиктештирилип, далайлары талкаланып жок болуп кетти. Атаңыз ошол жараянды кантип кабыл алды?
— Ал киши аймактарга чыкканда маанайы түшүп калчу. Бир жолу Жети-Өгүзгө барып калсак, райондун борборундагы бир чоң имаратты каякка кеткен деп сурап калды. Токтоп машинадан түшүп барса пайдубалына чейин бузуп темирин темирдей, кирпичин, бетонун чыгарып кетишкен экен. Союз маалында Москвага документтерди ташып каржылоо алып келип салдырган Токмоктогу эт комбинатынын эч нерсеси калбай калган. Ишкананы жер менен жексен кылып коюшкан. Ал аябай чоң эт комбинаты болчу, бардык техникалык талаптарга жооп берчү. Мен деле аймактарга барганда "атаң салган мал сарайларды эл талкалап бүтө албай отурат" дегенди угуп калчумун. Ошол кезде эл үй салабыз деп кышын, бетон тирөөчтөрүн чыгарып далай мал сарайлар, кампалар талкаланган. Ысык-Көлдү көзү тирүү кезинде кыдырып калганда суунун бетон лотокторун чыгарып, талкалап кеткенин өз көзү менен көрүп "бул бетондор элге нан, картошка, жашылча, малга тоют алып келмек да. Эл өзү эле өздөштүргөн жерлерди өлтүрүп жатпайбы" деп кейиди. Ошондой эле ишканадагы станоктор, темир-тезектердин болбогон акчага сатылганына күбө болуп калды. Өндүрүштүн баары токтоп, техника, жер, мал таркатыла баштаганда министрлерге чейин барып "ондогон жыл топтогон эмгекти эмнеге минтип жатасыңар" деген. Атам 70 жашында бул дүйнө менен кош айтышты.
Батыш Салиеванын кызы: апам жанды сабап иштөө керек деген принцип менен жашады