Бактылуу карылык. Мэрия 50, 60 жыл бирге түтүн булаткан жубайларды куттуктады

Жубайлар бриллиант, изумруд жана алтын тойлорун Бишкектеги Бакыт өргөсүндө белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы Карылар күнүнө карата шаардагы 50, 55, 60 жыл бирге түтүн булаткан жубайларды куттуктады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Бишкек мэриясы Карылар күнүнө карата шаардагы 50, 55, 60 жыл бирге түтүн булаткан жубайларды куттуктады

2 / 3

Билдирмеге караганда, жубайлар бриллиант, изумруд жана алтын тойлорун Бишкектеги Бакыт өргөсүндө белгилешти

3 / 3

Карылар күнүнө карата уюштурулган иш-чарага ордо калаанын төрт районунан тең узак, бирге өмүр сүргөн жубайлар катышкан

Билдирмеге караганда, жубайлар бриллиант, изумруд жана алтын тойлорун Бишкектеги Бакыт өргөсүндө белгилешти.
Карылар күнүнө карата уюштурулган иш-чарага ордо калаанын төрт районунан тең узак, бирге өмүр сүргөн жубайлар катышкан. Аларга баалуу белектер берилип, акчалай сыйлыктар тапшырылган. Ошондой эле Бишкектеги хореографиялык окуу жайынын студенттери вальс бийлеп, алар менен катар жубайлар да үлпөт бийин бийлешкен. Иш-чаранын соңунда сүйүүнүн белгиси катары асманга ак көгүчкөндөр учурулду.
Күч-кубатка табынып аял багын, мээримге жалынып эркек кутун табат. Бүлө күтүү