Кыргызстандык футболчуну дүйнөнүн эң таланттуу жаш оюнчусу деп атады

17 жаштагы футболчу азыр түркиялык клубдун намысын талашып жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков дүйнөнүн эң таланттуу жаш 60 оюнчунун катарына кирди. Бул тууралуу Кыргызстан футбол союзу (КФС) билдирди.
2005-жылы туулган футболчулардын рейтингин британиялык The Guardian жарыялады.
17 жаштагы Алмазбеков учурда Түркиядагы белгилүү спорт клубдарынын бири — "Галатасарайда" ойнойт.
Ал Кыргызстандын курама командасынын намысын биринчи ирет 2022-жылдын 11-июнунда Дүйнө кубогу үчүн өткөрүлгөн матчтын алкагында Мьянманын командасы менен ойногондо талашкан.
КФСтен 2020-жылы март айында Бекназ Борбор Азиядагы мыкты жети футболчунун бири болгондугун айтты. Аны Азия футбол конфедерациясы (АФК) аныктаган.

"Алмазбеков айып тобун башкалардын жүрөгүнүн суусун алып тебет, Стамбулдагы "Галатасарайдын" негизги курамына жакындап келе жатат. Анын ар бир кадамына мекениндегилер байкоо салып турат. Бекназ Алмазбековдун кандай ойногондугун көргүлө!", — деп жазган The Guardian.

Ташиевдин уулу Эмир-Хан Испаниянын Barcelona футбол клубуна кабыл алынды