Киев НАТОго шашылыш кирүүгө арыз берди

Владимир Зеленский өлкө Түндүк атлантикалык альянска тез аранын ичинде кирүү боюнча арыз берерин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Telegram-каналында Киевдин тездик менен НАТОго кирүү арызы боюнча пикирин билдирди.
Бүгүн, 30-сентябрда, Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө Түндүк атлантикалык альянска тез аранын ичинде кошулуу боюнча арыз бере тургандыгын билдирген.
"Бүгүн ар бири өз жолун тандады. Аялдар менен балдарды өлтүргөн кандуу касапчылар НАТОнун таштандысында. Ал эми биз — келечекпиз. Оор болобу? Ооба. Анткени төмөн түшүү өйдө көздөй чыгууга караганда дайыма оңой. Бирок силер билесиңер, сойлоп жүрүү биздин тарыхка туура келбейт. Чогуу алга, Кудай колдойт!” — деп жазды Захарова.
Эске салсак, бүгүн Кремль сарайында Донбасс, Запорожье жана Херсон облустарынын Россиянын курамына кириши боюнча келишимге кол коюлду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев менен колдоочуларынын кулагына күмүш сырга. Путиндин сөзүнүн урунттуу учурлары