БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Чалгындап жана сокку урган Ка-52 транспорт тик учактарды коштоп жүрүүгө жана улутчулдардын бекемделген райондору менен позицияларына ПВО албаган зонадан туруп, 10 чакырым аралыктан капыстан чабуул коюуга жөндөмдүү.
RT өзүнүн Telegram каналына Ка-52 экипажы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн таяныч жайлары менен сооттолгон техникаларын жок кылган учурдун видеосун жарыялады.
Бул техникалардын чабуул койгондон сырткары десанттарды ташып, аскердик жүктөрдү жеткирип, бөлүктөргө авиация жаатынан жардам берери маалымдалды.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин анын максаты "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" экендигин билдирген.