Инфаркт жашарып бара жатат, 18 жаштагы кыздын инфарктыга чалдыккан учуру катталды. Тукум куучулук, дайыма стресс абалда жүрүү, туура эмес тамактануу, аз кыймылдоо, тамеки чегүү — ушунун баары илдеттин тез өрчүшүн шарттайт. Бул тууралуу Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
"Инфаркт кандын жүгүрүүсүнүн начарлашынан пайда болот. Ал эми кан айлануу холестериндик бляшкалардын пайда болушунан, жүрөккө кычкылтек жана башка кан менен барчу элементтер жетпей калган учурда начарлайт. Адам инфарктыга кабылган учурда алгачкы 30 секунд абдан маанилүү. Бул учурда биринчи жардам көрсөтүлбөй калып, кийинки 30 секундада алгачкы жардам көрсөтүлсө бейтаптын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. Башкача айтканда, бул ооруга чалдыккан кезде убакыт чоң ролду ойнойт. Ошентсе да инфарктыдан толук айыгууга болот. Эми өмүр бою жүрөгү ооруп жүрүп өтөт же акыры бир күнү ушул оорудан көз жумат деп түшүнбөшүбүз керек. Дарыгерлердин айтканын туура аткарып, жылдап ичүүчү дарыларын калтырбай алып, туура тамактанып, спорттун жеңил түрлөрү менен машыгып, башкысы, тамеки чегүүнү таштаса адам толугу менен айыгып кете алат. Мисалы, 50 жаштан өткөн чылым тарткан адамдын инфарктыга чалдыгуу коркунучу ошол курактагы тамеки чекпеген кишиге караганда 20-25 эсе жогору. Негизи эле тамекини таштоо менен адамдар эч кандай дары ичпей ден соолугун акысыз 70 пайызга чейин чыңдай алат",— деди Осмонов.
Дарыгер инфаркттан алыс болуу үчүн туура тамактанып, стресстен алыс болуп, чылым чекпеш керектигин жана медициналык көзөмөлдөн өтүп туруу зарылдыгын кошумчалады.